Казакстандык жаран жубайлыкка алган резина куурчагын сындырып алды. Бул тууралуу ал чет элдик басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.

Ал куурчак аялын сындырып алган жана аны оңдоо үчүн башка шаарга жибергенин айтып берген. «Куурчак майрамга чейин оңдолбосо Жаңы жылды жалгыз тосуп каламбы билбей жатам. Үйлөнгөндөн кийин куурчагыма Инстаграмды колдонууга тыюу салгам. Мен өтө эле өзүмчүлмүн, аны Марго жакшы түшүнөт. Анын сулуулугу ушунда«, — деген ал.

Ушул жылдын ноябрь айында Юрий Толочко аттуу казакстандык жаран Марго аттуу резина куурчакка үйлөнгөнүн жар салган эле.

Булак: Супер кж