Мамлекет башчынын маалымат кызматы эртең, 27-декабрда, президенттик балаты өтө турган билдирди.

Бул жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу балдар үчүн жаңы жылдык иш-чара онлайн форматында болору белгиленди.

Жаңы жылдык концерт, театралдаштырылган программа КТРК аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт. Балаты майрамы саат 11.00дө башталат.