Жаӊы жылдык майрам күндөрү облустун аймагында мас айдоочуларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер күчөтүлөт. Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери элдер көп чогулган жерлерде, б.а. соода борборлордун, эс алуу жайлардын жана массалык иш чаралар өтө турган жайларда кайгуул иштерин турмушка ашырууда.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө максатында жол кайгуул кызматынын кызматкерлеринин кошумча күчтөрү өзгөчө облустун шаар жана район борборлорунда иш алып бармакчы. Май айдоочуларды аныктоо боюнча атайын операциялар жана рейдттер иш мерчемдерге киргизилип, алар өз маалы мене ниш жүзүнө ашырылууда. Мекемеде белгилегендей, мас айдоочыларга жаӊы жыл күнү жана анын алдында, ошондой эле башка күндөрү эч бир лоялдык мамиле болбойт.

Мисалы, 24-декабрдан 26-декабрга чейинки аралыкта «Укук тартип» профилактикалык операциясынын жүрүшүндө Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан 1000 жакын жол эрежесин бузган айдоочулар жоопко тартылды. Автоунааларын мас абалында айдаган 59 айдоочу аныкталып, аларга карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 128 беренеси менен протоколдор түзүлүп, ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды. Андан тышкары, автоунаалары төлөнүчүү атайын айып аянтчаларына токтотулду.

Жол эрежелерин аныкталган бузуулардын ичинен 413 учурунда айдоочулар ылдамдыктардын, ал эми 236 учурунда жол белгилердин талаптарын сактабаган эмес. Жол эрежесин бузган айдоочулардын бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылып, тийиштүү айып пулдар салынды.

«Жаңы жыл – бул үй-бүлөнүн жылуу жана жакшы кечтери үчүн эң сонун учур экендигин унутпаңыздар. Мас абалында автоунаага отуруп, өзүңүздөрдүн жана жакыныӊыздардын жашоосун бузбаңыздар!» — деп белгилешти Ысык-Көл облусунун жол коопсуздугунун кызматкерлери.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы