Урматтуу кесиптештер жана кыргызстандыктар!

Тарыхка көз чаптырсак кыргыз элибиз оор сыноолорду башынан кечирип келгени ырас. Ушундай сыноодо кеменгер элибиз улуттук бийик намысын, терең адамдык ариетин далилдеп, илдет катталган алгачкы күндөрү эле биримдигин, сабырдуулугун, мекенчилдигин көрсөттү. Эң башкысы өлкөбүздүн тынчтыгы, көп улуттуу элибиздин биримдиги, ынтымагы болду. Келе жаткан 2021-Жаңы жылыбыз тынчтыктын, ынтымактын, биримдиктин, токчулуктун, молчулуктун, ынтымак-ырашкердиктин жылы болсун! Келе жаткан жыл көптөгөн жагымдуу окуяларды жана бактылуу ирмемдерди алып келсин.
Жаңы ийгиликтер жаралып, коюлган максаттар ишке ашсын!
Сизге жана жакындарыңызга чың ден соолук, ийгилик жана бакыт каалайбыз!
Жаңы жылдын астында жакшы маанай жана ойлогон ой-тилектердин баары ишке ашсын!

Терең урматтоо менен,
ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы
Султан Жоошбаев