Кыргызстанда бир суткада коронавирус 122 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Бишкекте коронавирус – 43 адамдан,
Чүй облусунда – 39,
Ош облусунда – 7,
Нарын облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 25,
Жалал-Абад облусунда – 3,
Баткен облусунда 3 кишиден табылган.
Ошол эле учурда 230 адам коронавирустан айыгып чыккан.
“Бишкекте – 94, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 54, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 3 Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда 9 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза болгон: Бишкекте бир киши.