Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. Айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коомдо кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган билдирүүлөрдү таратып жаткандыгын билебиз. Мыйзамсыз аракеттер, чагымчылдык аракеттер бир гана мамлекетке жана коомго зыян алып келбестен, республиканын башка жарандарына дагы коркунучтарды жаратууда. Айрым кызыктар тараптар өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, чыр-чатак чыгарууга аракет жасашып, кырдаалды туруксуздаштырууну ойлошууда. Ар бир мыйзамсыз аракеттер үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет.

Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып  месенджерлердеги, социалдык тармактардагы  чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102  телефон номуру аркылуу кабарлап коюуну суранат. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратканга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле Ички иштер министрлиги жарандарды жалган маалыматтарды таратуудан жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы