Коом

Садыр Жапаров: Акыл-эс, абийир жана чын жүрөк менен шайлоону таза өткөрүү керек!

 Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун

КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кымбаттуу достор!

10-январь күнү биз, өлкөбүздүн жашоосундагы эң маанилүү чечимди кабыл алабыз!

Бул күн – биз үчүн өлкөдө көптөгөн жылдардан бери кыйынчылыктардан арылууну көздөгөн, асыл тилекти орундатуудагы эң маанилүү күн болуп калмакчы!

Баарыңыздар шайлоого келиңиздер!

Ар бириңиздер, өз тандооңуздарды жасайсыздар!

Кандайөлкөдөжашайсыздар – чечим Сиздерде!

Кандай бийликти каалайсыздар? Күчтүү бийликтиби? Адилет жана элдик, бардыгыбыз үчүн жоопкерчиликти ала турган бийликтиби?

Же мыйзамсыздык, коррупция, жоопкерчиликсиздик жана саткынчылык өкүм сүргөн жашоого кайра кайтып баргыңыздар келеби? Башаламандык менен жакырчылыктан кутулгуңуздар келбейби?

Ар бирибиз– өз тандообузду жасашыбыз керек!

Биздинэртеңкикелечеккандай болот– ар бирибизжоопкербиз! Өлкөнүнтагдырынчече турган жана чечкиндүү аракетке бара алган адамдытандапалууга,бизганаукуктуубуз!

Элдинтагдыры, балдарыбыздынтагдыры, эртеңкикелечек– ар бирибиздинколубузда!

Сиздер,өзжүрөгүңүздөр менен, акыл-эс жанаабийирди бийик коюп, акыйкаттандоожасооготийишсиздер!

Сиздердин ар бириңиздер, мен да, бардыгыбызжаңыланууну күтүүдөбүз!

Биз,жашообузду жаңы барактан баштоого татыктуубуз!

Биздин мамлекетти ондогон жылдар бою каалагандай тоношуп, талкалап келген эски коррупциялык түзүмдөргө жол бербеңиздер!

Биздин жаңыланууга болгон укугубузду тартып алгысы келгендерге ишенбегиле!

Биз,жарандарыбыз үчүн ак иштей турган бийликти тандоого мүмкүнчүлүк алдык!

Алдыбызда турган сыноолордон ынтымак менен бирге өтө алабыз.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Алдыдагыжаз айларында бизди олуттуу сыноолор күтүп турат.

Биз, кризистен чыгып, жаңылануу жана гүлдөп өнүгүү жолуна түшүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек!

Шайлоодо ким утуп чыкпасын, биз жаңы шайланган президенттин тегерегине чогулуп, аны колдоого алуубуз абзел!

Эртең кандай өлкөдө жашайбыз, ар бирибиз жоопкербиз!

Шайлоого келиңиздер!

Өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечеги үчүн, мекенибиздин тагдыры үчүн добуш бериңиздер!

Аткаруучу: «Кадам-медиа.кж» маалыматтык порталы; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Гоголь көчөсү – 3.

Нускасы: 1. 2021-жылдын 8-январда даярдалды.

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button