Кашкайып күлчүү. Кашкайып жылмайчу кайран киши. Ошо кашкайган күлкүсүн, кашкайган жылмаюусун жыл-айлап зорго жыйыштырып алчудай сезилчү. Анан, атаңгөрү, кашкайта ойноп салчу ролдорду! Таланттуунун башкасы – таптакыр өчпөс кашкасы эле!
Бир Илястын ролу менен миллиондор үчүн жаштыктын эн белгисине (символикасына) айланганы – эмне деген өнөр, эмне деген феномен! Ооба, ошондогу биздин (кермуруттардын) ЗИЛ айдагыбызды келтирбедиби! Зилдеп сүйүп ырдагыбызды, жыргагыбызды, ыйлагыбызды келтирбедиби! Башканы кой, кийген купайкесинен жаштыктын, сүйүүнүн табы уруп турчуу го! Бийиктикке, бийиктерге, ашууларга ашыктырчу! Авариясыз чыккыбыз келчү ашууларга!
Айтматовдун дагы бир каарманы Базарбайдын ролун аткарганда эсибизди оодарганын айт. Бу талант деген – турмушту таптакыр эле аңтар-теңтер кылып көрсөтө алган сыйкыр белем! Өзүнүн антиподун – өзүнүн керт башынын ролун ойногондон артык ойнободубу! Дагы эмне деп түшүндүрсөм – кайберен карышкырдын кебете-кешпирин карышкырдан артык окшоштургандай…
Бир жолу сураганым бар:
— Дүйшөке, Чыңгыз Айтматовдун Танабай баштаган каармандарынын ролдорун аткарып жүрөсүз. А киши ыраазычылыгын кандай билдирди?
— Чыкем аябай үлкөн, зор киши эмеспи. Жеке бөлүп ыраазычылык айтпайт. Бириктирип, жалпыга бир ырахматын, ыраазычылыгын айтат. Андан жакшы жери, а кишинин каармандарынын ролун начар ойносоң деле нааразы болбойт… – деп кашкая жылмайган.
Дүйшөн Байтобетов Токтогул менен Барпыга тоголонуп эле асмандан түшө калгандай бап келчү. Көчөдө жүрсө деле эки генийди эки өңүрүнө катып жүргөндөй туюлчу. Көзүн жумса – Барпы эле, көзүн ачса – Токтогул эле. Ак жегденин (жакасыз ак көйнөктүн) жарашканычы! Көкүрөктүн тололугучу! Добушунун көркөмдүүлүгүчү! Акыркы көрүшүмдө – Абдымомунов театрынын 90 жылдык мааракесинде ТҮРКСОЙдун Токтогул медалын көкүрөгүнө тагып жатып да жегденин айрыкча жарашканына, көкүрөгүнүн тололугуна көз токтотконум эсте. Ал күнү дагы ак жегде кийип келиптир. Азыр болсо улуу Токтогулдун жашында о дүйнө салганы көңүлүмө кылт этип олтурат…
Ырдаганы өзүнчө башка ырахат эле! Көп ырчылар ырдап атканда – доошун уксаң жетиштүү го. Дүйшөн Байтобетовду бир гана тыңшоо, угуу таптакыр жетишсиздик кылчу. Тирмейе тиктеп-тыңшабасаң болчу эмес. Ошондуктан көз албай тыңшаган адамдар анын кылган кыймылына, баскан багытына карата ыргалып, кези келсе, тимеле жерге суналып жата калуучудай акыбалга жетишчү! Айрыкча “Долондон канатын кайрып алганын”, “Каркыралар кайда учасыңар?” – деп суроо койгонун кулак менен эле эмес, көз менен дагы, көз менен эле эмес, толук дене-бой менен дагы тыңдап балкышчу адамдар! Албетте, мында анын актердук ашкере чеберчилиги жардамга келчү. Байтобетов ырдаганда – адамдык ички асылдыгы, актыгы, жаркындыгы, жакшылыгы, боорукерлиги, байоолугу, назиктиги, чынчылдыгы эпицентр толкунундай тарап, айланасына алданемедей таасир этчү!
Улуу актердун уңгулуу, уюткулуу адамгерчилик сапаттары күлүңдөгөн көздөрүнөн айрыкча көлкүп-көрүнүп турчу!
Ошондой мөл адам, ошондой мөлтүр адам азыркынын жүрөк окшуткан каармандары – коррупционерлер менен, арам тамак жегичтер менен, эч нерсе билбей, баш ийкеше саламдашып алса керек деп аяп олтурам. Итиркейим келип олтурам – ошолор менен бир заманда жашап алганын кара деп…
Дүйшөн Байтобетовдой жанга жабыз адам заманында Ош театрында иштеп – оштуктарга да ушунчалык алынганын аңыз катары айтышат. Мажүрүм талдай ийилип учурашып турса, сулуу болсо, таланттуу болсо, атактуу болсо – а демек, оштуктардын ар биринин айланып-үйрүлөөр өз баласы эмей! Оштун Отеллосу! Отеллонун оштуктары! Ага карабастан жанга жабыз…
Опоосуз дүйнө! Ошол жайкын талант, жаркын инсан эми жок… Мен жашаган Түркияда дагы, бүгүн, 7-июль күнү кыргыздар жолуккан жердин баарында, кыргыздар телефондошкон жердин баарында “И-и-ий, Дүйшөн Байтобетов өтүп кеткен турбайбы?” деген үшкүрүк-сөз. Кыргызстанда болсо кыйсыпыр түшүп эле жатып калышкандай сезилет. Кайран улуу талант! Далай, далай, далайлардын жан дүйнөсүн эңшерилтип кетти… Жайдын аптабын, жайдын саратанын муздатып кетти, эли-журтун жай-саратанда ичиркентип кетти…
(Калганын китептен окуңуздар. 5-том. 29-31-беттер. 2018-жылы жазылган макаладан.)
Достор, Чыгармаларымдын 5 томдугу Бишкектин “Нуска” китеп-дүкөнүнө (Эркиндик бульвары менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилиши) жана “Данек” китеп-дүкөнүнө (Арабаев атындагы КМУнун башкы корпусу, Эркиндик бульвары) коюлганын кабарлашты.
Достукка орун жок. Андыктан каалоочуларды подписчик болууга чакырам. Кыргыз тамгалары менен жазылган “Кожогелди Култегин” аттуу Фейсбук-баракчамдын башкы бетиндеги «подписки” же «нравится» деген сөздү басып койсоңор эле болду – чыгармаларымды окуп турасыңар.