Үй-бүлө институту тууралуу түшүнүгү жок, башкача айтканда, жубайлардын бири-бирине туура мамиле жасоосун бала кезинде үй-бүлөсүнѳн көрбѳгѳн адам келечекте өз мамлекетин сактай албай кыйналышы мүмкүн. Үй-бүлөнүн бузулуусуна мындан башка ар кандай себептер таасир этет. Бул теманын тегерегинде психолог Айгүл Ысыкеева жооп берет.

1. Жубайлардын үй-бүлө курууда жеке кызыкчылыгын кѳздѳѳсү. Кээ бир адамдар “бактылуу болоюн” деп үй-бүлө курса, айрымдары бирөө аны багуусун максат кылып же көйгөйлөрүнүн чечилүү жолу катары карап турмуш баштайт. Айрым учурда жѳн гана ата-энесине келин алып келүүнү максат кылат же жөн гана балалуу болууну каалагандар да бар. Эгерде үй-бүлөлүк жашоодон ушулар сыяктуу кандайдыр бир күтүүлөрү болуп, бир күнү ал аткарылбай калса же аткарылбай турганына көзү жеткенде ал адамдын ою бузула баштайт. Үй-бүлөдөгү чыныгы баалуулуктарды түшүнмөйүнчө жашоосуна жоопкерчиликсиз мамиле жасайт. Мындай адамдардын катачылыгына ар дайым бирөө күнөөлүү болот.

2. Бирин-бири таанып билбегендик. Ажырашуунун дагы бир себеби бирин-бири жакшы таанып биле электе эле шашып турмуш куруп алуу. Көз караштары туура келеби, баалуулуктары, адаттары, максаттары дал келеби, таразалашпайт. Мындай учурда жөнөкөй эле нерселерден пикир келишпестиктер орун ала берет.

3. Жаңы жашоого көнө албагандык. Кээде бирин-бири сүйүп-күйүп баш кошкону менен, чогуу жашай баштаганда кыйынчылыктар туула баштайт. Мисалы, кыз менен жигит жаңы жашоого көнө албайт, аны кабыл албайт. Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө көнө албайт, жактырбайт. Ар бир адамдын өз адаттары бар, кээ бири жалгыз жатканды жактыруусу, жанында бирөө жаткандан ыңгайсыздануусу ыктымал. Бул нерсени жубайы терс кабыл алуусу мүмкүн. Ортодо бул тууралуу ачык сүйлөшүү болбосо негативдүү ой жарала берет.

4. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук. Мунун ичине көзгө көрүнгөн физикалык ур-токмокко алуу жана көзгө көрүнбөгөн эмоционалдык, финансылык зомбулуктар да кирет. Мисалы, “бул жакка барба”, “тиги менен сүйлөшпө”, “мындай кийинбе” деген чектөөлөр, кемсинтүү, сыноо, көзгө илбегендик сыяктуу эмоционалдык зомбулук да кыйын шарттарды түзөт.

5. Көз карандылык. Барарга үйү жок, иштейин десе билимсиз, финансылык жактан өзүн-өзү камсыз кыла албаганда материалдык жактан жубайына көз каранды болот. Балдары үчүн баарына чыдаганы менен бир күнү анын да чыдамы түгөнөт, ойлоно берип ден соолугуна да залакасы тиет. Акыры конфликтке алып келет.

6. Сезимдердин жоктугу. Өзгөчө кыргыз менталитетинде ата-энеси тааныштырып же ала качуу жолу менен, болбосо “жашым келип калды” деген шылтоо менен сүйүүсүз эле баш кошуп калган учурлар бар. Үй-бүлөдө сүйүү сезими болбосо да бирин-бири сыйлоо, урматтоо, оюн баалоо, колдоо, кеңешүү дегендер болуусу керек. Мындай сезимдер болбосо жубайлар бат эле бири-биринен чарчашат, көргөндө кыжыры келип жактырышпай калышат.

7. Үй-бүлөгө кийлигишүү. Ата-энеси, туугандары менен чогуу жашаган жаштардын жашоосуна жакындарынын баары кийлигишип, башкарат, бир нерсеге мажбурлайт. Жаш үй-бүлөнүн эркин түптөлүүсүнө жол беришпейт. Жеке чектер бузулганда жаштар кыжалат болуп, бири-бирине нааразычылыктар пайда болот. Жубайына карата таарынычтар өсөт.

Кыргызстандагы ажырашуу статистикасы: 2016-жылы 9102, 2017-жылы 9588, 2018-жылы: 10434, 2019-жылы 10992 ажырашуу катталган.

Булак: https://lady.kg/azhyrashuunun-aldynky-sebepteri/?fbclid=IwAR2Ot3gvVyFiK55A6fd5wuhP5YVXOLKBvbk_Faiu_I6ce6yVg-NmJpdVhAo
Lady.kg © — Сиздин ишенимдүү курбуӊуз — онлайн!