Коом

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 29 жылдыгы белгиленүүдө

2021-жылдын 19-январь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Ички иликтөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 29 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын максаты жана тапшырмасы болуп кызматтык милдеттерин аткарууга байланышкан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, алардын жакындарынын өмүрүнө, ден соолугуна коркунучтар жаралган учурда мамлекеттик жактан коргоолуусун уюштуруу, ички иштер органдарына укукка каршы аракеттерди жасоо максатында келүүлөргө бөгөт коюу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын укукка каршы аракеттерин аныктоо, ага бөгөт коюу, аларды жасоого түрткөн шарттарды аныктоо жана жоюу эсептелет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлерин кызматын татыктуу өтөгөндөрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Эң башкысы Сиздерден талап кылынат-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактап, жарандардан дагы аны аткарууну талап кылуу. Кыргыз Республикасынын ИИМдин өздүк курамынын атынан жалпыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай, бейкуттук жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Мыйзамдын ишенимдүү сакчылары деген ардактуу наам Сиздерге кесиптик оор тапшырмаларды чечүүдө күч-кубат берет деген ишеничтемин”,-деди куттуктоо сөзүндө Улан Ниязбеков.

Андан соң ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлерине салтанаттуу түрдө сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button