Коом

Роза Айтматованын «Атам жөнүндө» аттуу китебинин бет ачары өттү (сүрөт)

Бишкекте Роза Айтматованын «Атам жөнүндө» аттуу эскерүү китебинин бет ачары болуп өттү. Бул туурасында Кыргызпатенттин маалымат кызматы билдирди.
Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын конференц-залында өткөн иш-чарага Кыргызстандын илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана Айтматовдун үй-бүлө мүчөлөрү катышкан.
Бул китеп Кыргызпатент тарабынан 2020-жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылган.
Айтматованын аталган эскерүү китебинде ХХ кылымдын 37-жылында респрессиянын курмандыгы болгон мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун эл чарбасынын, өнөр жайынын пайдубалын түптөөгө кошкон салымы архивдик материалдардын негизинде чагылдырылган.
Кыргызпатент тарабынан басмадан чыгарылган китептин 200 даанасы авторго берилген. Ал эми калгандары республиканын бардык китепканаларына жиберилген. Ал эми кызыккан окурмандар китептин электрондук версиясын Кыргызпатенттин расмий сайтынан кыргыз жана орус тилдеринде окуй алышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button