Коом

ИИМ: Социалдык тармактарда тараган жашы жете элек өспүрүмдү зордуктап жаткан видео боюнча ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат

24-январь күнү социалдык тармактарда, мессенджерлерде жана маалыматтык агенттиктерде 20 жаштардагы белгисиз адам болжол менен жашы жете элек өспүрүмдү зордуктап жаткан видео тараган. Бул ыплас иш мончодо болгон, бирок качан тартылганы белгисиз. Бул видео коомдук резонанс жаратып, коомчулук арасында нааразычылыктарды жаратууда.
Кыргыз Республикасынын ИИдин Басма сөз кызматы билдирет, бул факты боюнча ыкчам жана тергөө кызматтары тарабынан зордуктоого шектүүнүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Аймактык ички иштер органдары окуянын чоо-жайын аныктоо жана шектүүнүн өздүгүн тактоо боюнча чараларды көрүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button