Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камакка алынды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өздүк булактар ​​билдирген.

Мухаммедкалый Абылгазиев мыйзамсыз баюу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганы белгилүү болду. Бүгүн, 26-январда аны суракка чакырышкан. Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кумтөр кенине байланыштуу ишке тиешеси бар экени белгилүү болду. Кылмыш иштин чоо-жайы азырынча айтыла элек, деп жазат «24.kg» агенттиги.