Алай районунун Нура айылында Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары милициянын подполковниги А.Абыловдун жетекчилиги астында Сары-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги милициянын майору А.Токтобаев жана милициянын участкалык инспекторлору Нура айылынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуууга Нура айылынын башчысы А.Култаев жана жегиликтүү жашоочулар катышты.


Жолугушууда 2020-жылдагы кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо Сары-Таш АМБнин өздүк курамынын аткарган иштери боюнча отчет берди.
Жыйында элдин көйгөйлүү болгон маселелери айтылды.
Таза суу жана билайн, мегаком байланыш компаниялары жакшы иштебегендигин, ошондой эле ал жакта мал базар болбогондуктан, соодагерлер ар кайсы күнү келип мал алып кетип жаткандыктан ошолорду аптанын 3-4-күндөрү гана мал базар уюштурууну, андан сырткары ок атуучу куралды кандай жол менен алууну жана документтештирүү жолдорун сурашты. Алай РИИБдин жетекчилиги элдердин суроолоруна жооп берди. Көйгөйлүү маселелрди чечүү боюнча тийиштүү мекеме уюмдарга сунуштар жөнөтүлдү.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы