Саясат

Улукбек Марипов иниси Бакытбек Мариповду кызматынан кетирди

Бакытбек Марипов Ноокат районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Бул премьер-министр Улукбек Марипов тарабынан кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу үчүн кабыл алынган биринчи чечимдердин бири экендиги такталды. Белгилей кетсек, Бакытбек менен Улукбек Мариповдор бир тууган.
Мыйзамдарга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткаруу бийлигинин курамына кирет жана түздөн-түз Премьер-министрге баш иет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button