Жалаң компьютер жана санарип менен “оозанган” жаңы муундарды кантип кадыресе китеп сүйүүчүлөргө айландыра алабыз?
“Китеп окубаган өлкөбүз” деп өзүбүздү өзүбүз сындап, жек көрүп, жерийбиз.
Бирок эң маанилүү суроо берилбей келет, эмнеге китеп окубаган элбиз?
Китепкөй эмес өлкө экенибизди аңдоо оңой.
Эмне себептен?
Себеби, бизде китеп окуу үйрөтүлбөйт, окутулбайт. Биздин өлкөбүздөгү билим берүү тутумунда “китеп окуу” деген өзгөчө сабак жок.
«Китеп окуу деген да сабак болчу беле?» деп кайра суроо узатышыңыз ыктымал.
«Китеп окууну окутуу» дегенде, тыбыштарды бириктирип сөздү, сөздөрдү бириктирип сүйлөмдү, сүйлөмдөрдү бириктирип текстти окуган техникалык окууну үйрөтүү эле эмес, жогорку деңгээлдеги китеп окуу маданиятын окутууну түшүнүшүбүз керек.
Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн орто билим берүү тутумунда «китеп окуу» сабагы бар экен. Мисалы,
☆ 1-класстан тарта балдар китеп тандоо,
☆ китепке кам көрүү,
☆ максаттуу китеп окуу,
☆ китеп окуу стратегиялары,
☆ окуп түшүнүү стратегиялары,
☆ маңыздуу жана максаттуу китеп окууга керектүү таанып-билүү (когнитивдик) жөндөмдөр,
☆ түрдүү жанрдагы китептерди окуу,
☆ ар бир жанрга тийиштүү окуу стратегиялары деген нерселерди ырааттуу үйрөнүшөт.
Теориялык жактан эле үйрөнүп тим болушпай, балдар күнүнө класста 40 мүнөттөн китеп окуп машыгып, ага ар бир класстын өзүнүн китеп текчесин же китепканасын күтүшөт.
Китепкөй, окумал өлкө болууга көз карашты түп-тамырынан өзгөртүшүбүз керек.
Андыктан, биз эң алгач китеп окуу маданиятынын башаты мектепте китеп окууну окутууну баштообуз зарыл. Ага жараша мугалим даярдоо саясаты жана программалары иштелип чыгышы керек.
Эгер бул саамалык биздин билим берүү системабызга кире турган болсо, анда китепкөйлүк маселеси эле эмес, коомдук сабаттуулукка түздөн түз тиешеси бар бир топ тармактар да алдыга жылат.
Мисалы, мамлекеттик болобу, жеке менчикте болобу, басма иши жанданат. Жазуучулук бааланып баштайт. Китепкөй муундар тарбияланат. Анан акырындап китепкөй, окyмал, чыныгы мааниде билимдүү жарандардын өнүккөн өлкөсүнө айланабыз.
Дүйнөнүн алдыңкы окумал өлкөлөрү бир заматта эле, “сыйкыр таягынын шилтениши” менен окумал болуп калышкан эмес. Же болбосо, ал өлкөлөрдө адамдар китепкөй болуп төрөлүшпөйт.
Алар системдүү жана максаттуу түрдө китеп окууну окушат, китеп окуу ыкмаларын ырааттуу үйрөнүшөт. Алардын окуучу балдары мектепте күн сайын мугалимдин багыттоосу менен китеп окууга машыгышат.
Жыйынтыгында, жарандык коомдо китеп окуунун жогорку маданияты жаралат, калыптанат жана бийик деңгээлде өнүгөт.
Мындай китеп окуу маданиятына жетишүү биздин да колдон келет!
Автору Нурайым Ысмайыл кызы