Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы башчысы Бакир Таиров мамлекеттик бюджетке 20 млн сом төлөдү. Жакынкы күндөрү ал УКМКнын абагынан бошотулат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири коопсуздук органдарынын кызматкерлерине таянып жазды.

Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун Финполдун мурдагы төрагасы Таиров мамлекеттик бюджетке 20 миллион сом төлөп берген, ал өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, алдыңкы күндөрү тергөө менен келишим түзөт. Андан кийин ал камакка алуу менен байланышпаган баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн сотко өткөрүлөт.

Эске салсак, 2020-жылдын 11-декабрында УКМК Бакир Таировду мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен мыйзамсыз акча каражатын алуу фактысы боюнча камакка алынгандыгын жарыялаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2020-жылдын октябрь айында боло турган парламенттик шайлоонун алдында Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы саясий партиялардын бирин каржылоо зарылдыгын шылтоолоп, ага ири суммадагы акча которуу үчүн мамлекеттик орган башчыларынын бирин мажбурлаган.