Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер, «Мыйзам 93» демилге тобунун төрагасы Максат Кунакунов жаңы Баш мыйзам тууралуу коомчулукка жана бийликке төмөнкүдөй кайрылуу жолдоду: 

«Негизги мыйзамды  өзгөртүү боюнча Жогорку Кеңештин  Конституциялык кеңешмесинин  иши тилекке каршы, одоно мыйзам бузуулар жана Кыргызстандын жарандарынын  позициясын эске алынбай жүргүзүлүп жаткандыгын айтып коюуга мажбурлады.

Биз дагы бир жолу укуктун  негизги принциптери  максатталуу менен  бузулууда Бүгүнкү күндө жаңы шайланган Президентти анын айланасындагы, кошоматчыларга жана мансапкорлорго,   мен  деструктивдүү иштерди токтоосуз токтотууну сунуштайм.  Андай болбосо, бийликтеги болуп жаткан   улам-улам алмашуулар Кыргызстанды туңгуюкка алып келүүсү мүмкүн.

Конституциялык кеңешмени түзүү жөнүндөгү Жарлыктын өзү Конституцияга карама-каршы келет. Себеби, Президент институтунун мыйзам демилгелегенге укугу жок.

Мыйзам чыгаруу өзүм билемдик менен биз тартипти эч качан калыбына келтирбейт.

Буга чейин Кыргызстандын бир дагы Президентине Конституцияны кайра өзгөртүп жазуунун эсебинен бийликти бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берилген эмес. Азыр дагы жаңы мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун айланасындагылар өздөрүнүн колунан келишинче колдоо көрсөтүүдө.

Негизги мыйзамдагы принциптерди одоно бузуу Президенттин позициясын күчөтпөстөн, кайра тескери натыйжага алып келет. Баарына даяр турган депутаттардын жана чиновниктердин кетирген каталарынан улам, Президент кадыр-баркын жана жарандардын ишенимин жоготууга алып келет.

Бул  жол туңгуюкка алып келет. Бул Бишкектин мэрин дайындоодо айдан ачык эле көрүндү

Эгер убагында ойлонуп, Конституцияны өзгөртүп жазууга байланыштуу  иш-аракеттерди  токтотпосоңор, ушу сыяктуу кырдаалдар келип чыгат.

Ал тургай Атамбаев өзүнө ылайыктап  ушул парламентти түзгөн, натыйжасында азыркы депутаттардын “чимкириктер” деп атады. Туруксуз, өзгөрүлмө кошоматчылар эки президентти сатып кетишти, эми  ишенимге кирип алышып Конституциянын редакциясын, Жогорку Кенеш аркылуу  мыйзамсыз өткөрүүгө аракеттерин ишке ашырууда, б.а  коомчулуктан жашыруун   Конституциялык кеңешме иштөөдө. Негизги мыйзамдын бул варианты  оюна  келгени боюнча жазылууда. Бирок бул саясий ашыра мактануучуларга жетишсиз болуп калды. Эми алар   одоно бузуулар менен өзүлөрүнүнө ыңгайлуу болгон версияны  сунуштоодо – Жогорку Кеңештин регламентин тоготпой, колдонуудагы Конституциянын беренелерин этибарга алышкан жок.

2016-жылдын редакциясынын негизги мыйзамынын 114-беренесинин үчүнчү пунктунда мындай деп жазылган:  – «Жогорку Кенешке кароого киргизген күндөн 6 айдан кеч эмес бул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алат”.

“Бул конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку  Кеңеши  тарабынан 2 айда кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку  Кеңештин  депутаттарынын  жалпы санынын үчтөн экиден кемэмес добушу менен кабыл алынат”.

Бардык бузуулар орун алууда, бирок аларды депутаттар да, чиновниктер  этибарга албай жатышат. Бул шашылыш аракеттер  эмнеге алып барат? Кайда шашып бара жатабыз

Жогорку Кеңеш же депутаттар мыйзамсыз иш-аракеттерди аткарып жатышкандыктарын эч  бир түшүнүшпөйт?

Тарых жана Кыргызстандын эли бийлик өкүлдөрүнүн мындай акылга сыйбаган аракеттерине баа берерине мен ишенбейм. Мыйзамдуулук жана укуктун фундаменталдык принциптерин бузууга эч кандай актануулар  болушу мүмкүн эмес. Мамлекетибиздеги туруктуулукка мындай жолдор жана ыкмалар менен жетишилбейт», – дейт Максат Кунакунов..