9-февралда КР Жогорку соту Нариман Түлеевге карата өз чечимин чыгарды. Ал боюнча төмөнкү инстанциялардагы сот чечимдери жокко чыгарылды. Бул сот акыйкаттыгы эртеби, кечпи орной тургандыгына ишеним жаратты. КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Исмаил Исаков өз убагында да бул иш боюнча жеке пикирин билдирип келген. Азыркы сот чечими, жалпы эле ушундай иштер тууралуу ал кишинин пикирин билдик.

– Экс-мэр, экс-депутат Н. Түлеевге мындан 9 жыл мурда коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ал кылмышын өтөп, мамлекеттке айыбын төлөп чыккан. Сиздин оюңузча, ушул иш мыйзамдуу болду беле?

– Ошол учурда мен А. Атамбаевдин КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болгон адам катары, бизге каршы атандааш “Ата Журт” партиясынын көрүнүктүү, духу күчтүү, өзүнүн ой-пикири бар, принциптеринен кайтпаган, бийликке каяша айта алган бир нече депутаттарына, тагыраак айтканда С.Жапаров, А.Келдибеков, К.Ташиев, Т.Мамытов анын арасында Н.Түлеевге, андан кийин “төңкөрүш жасоого аракет кылды” деген шылтоо менен Б.Асановго, К.Кадыровго, Б.Талгарбековго, Д.Сарыгуловго жана башкаларга, кийинчерээк Ө.Текебаев, Д.Чотоновго кылмыш иштери козголуп, камалып, коомчулукка жаман аттуу кылынып, мамлекеттик жана өзүлөрүнө караштуу ММК аркылуу “коррупционер” катары көө сыйпап сиңдирип турган учурда,  мыйзамдуу документтердин, кынтыксыз далилдердин, фактылардын негизинде бул иштер туура эмес, мыйзамдуулукка төп келбейт, саясий багытка бурулуп кетти деген ой пикирди ачык билдирип тургамын. Ал эмес Президенттин резинденциядагы иш бөлмөсүндө А. Атамбаев менен жеке жолугушуу учурунда жогорку маселелер, анын ичинде Н.Түлеевдин иши боюнча айтылган болчу. Тилекке каршы, анын иши башка багытка бурулуп, жыйынтыгында бардык соттук инстанцияларында туура эмес, мыйзамсыз чечимдер чыгарылган.

Учурунда бир эле мен эмес, Н.Түлеевдин документтери менен тааныштыгы бар юристер тарабынан дагы чечимдер туура эмес, мыйзамсыз болуп калгандыгы айтылгандыгын кечээги Жогорку соттун чечими далилдеди.

– Ошондо сиз кечээги Жогорку соттун чечимине кандай баа бересиз?

– Н.Түлеев боюнча кечээги Жогорку соттун чечими боюнча сиздердин коллегаларыңардын суроосуна жооп бергенде айткан элем, дагы кайталап койоюн, Жогорку сотун чечими туура, мыйзамдуу, адилеттүү болуптур. Ошону менен бирге Түлеевдин үй-бүлөсүнүн мыйзамсыз жабыр тартканынын, кайгы муңунун, орду толгус жоготууларынын кеч да болсо компенсациясы десек жанылышпайбыз жана аны каралап, коомчулукка сиңдирип койгон “коррупционер” аттуу кара такты тазалоочу кадам катары баалап, өзүнүн кадыр-баркын эл арасында калыбына келтиргенге мүмкүнчүлүк алганын белгилеп коюшубуз абзел.

– Убагында Н.Түлеевдин ишин чон саясатка байланыштырышкан. Сиз да чоң саясатта көп жылдан бери жүргөн адам катары, саясатка канчалык аралашкан деп ойлойсуз?

– Нариман Түлеев мен сыяктуу публичный саясатчы катары эл арасында кабыл алынбаса дагы, Бишкек мэри учурунда шаардын өнүгүшүнө чоң салымын кошуп күчтүү, тажрыйбалуу менеджер катары өзүн көрсөткөнгө жетишкен. Бишкек шаары бир гана саясий борбор болбостон Кыргызстандын экономикасынын көтөрүүдө чоң роль ойноп, финансы, маданият, билим берүү борбору болгондугуна байланыштуу, мамлекеттин ички саясатын аныктоодо өзгөчө орду талашсыз. Классиктердин негиздемесинин орусчасын тагыраак келтирсек, “политика есть концентрированное выражение экономики”. Демек, ал саясаттын маңызын түзгөн экономика  менен алек болгон жаран катары биздей эле саясатта орду бар десек жаңылышпайм.

– 10 жыл мурда соттолгондор азыр акталып, азыркылар кайра камалып жатышат. Ошондо сот акыйкаттыгы кайда калат, же ушунтип эле жаңы бийлик эскилерин камап элге “оюн” кылып өнүкпөй жүрө беребизби?

– “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген акылман ата-бабаларыбыз айткандай, өзүбүздүн эле тарыхыбызда 10 жыл эмес 80, 90 жыл мурда соттолуп атылып кеткен улуу инсандарыбыз акталып, аларды үлгү тутуп, мамлекеттик кызматкерлердин иш бөлмөсүнө алардын портреттерин илдирип, жаштарды тарбиялап жатканыбыз реалдуу факт. Ошондуктан адилетсиз, мыйзамсыз чечимдер качан гана болбосун кайра каралат жана чындык эртедир кечтир орнойт. Качан гана мыйзамдын диктатурасы орномоюн, соттун көз карандысыздыгы камсыздалмайын, бийлик башчылары элге жүрүш-турушу, сүйлөгөн сөзү аткарган ишине төп келишип, жашоо турмушу боюнча үлгү көрсөтмөйүн, жалпы элибиз жана коомчулук тазаланмайын мындай терс көрүнүштөр жана ар кандай туура эмес “оюндар” болот жана боло берет. Кыскасын айтканда, И.Раззаков атабыздын “мен таза болсом, сен таза болсоң коом дагы таза болот болот” деген сөзүнүн актуалдуулугун эч качан унутпашыбыз керек. Мыйзамдуулук, сот акыйкаттыгы, адилеттүүлүк өлкөбүздө орношу жана коомубуздун тазаланышы үчүн баарыбыз биригип жогорудагы айтылган сөздү иш жүзүндө аткарганда гана сиз айткандар кайталанбайт.

– Нариман Түлеевдей адамдар мындан кийин мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо алат десек болобу?

– Албетте болот. Аны бүгүнкү бийлик колдонсо, чакырса өлкөбүздөгү экономикалык оор кырдаалда Нариман Түлеев тажрыйбалуу, чарбачыл, күчтүү менеджер жана башынан ар кандай турмуштун ачуу-таттусу өткөн инсан катары мамлекеттин өнүгүшүнө эбегейсиз зор салымын кошмок.