Орусиянын Владикавказ шаарындагы супермаркетте чоң жарылуу болду. Бул тууралуу  жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Бир кабаттуу  “Магнит” дүкөнү толугу менен талкаланган, өрт болгон жок.

Алдын ала билдирүүлөргө ылайык, жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча 7:28де катталып, анын келип чыгышына газ себепкер болгон.

Жарылуу болгон супермаркеттин куткарылган күзөтчүсү имаратта андан башка эч ким болбошу керек болчу деп билдирген.