11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону каржылоого бюджеттен 425 миллион сом өлчөмүндөгү акча коротулат. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, чыгымдар сметасы кечээ, 15-февраль күнү БШКнын кезектеги отурумунда бекитилген.

“425 миллион сом өлчөмүндө бекитилди. Жер-жерлердеги добуш берүү тилкелерин даярдоого, тизмелерди чыгарып, бюллетендерди, иш сапарларды каржылоого кете турган акча ушул сумманы түздү”, — деди Бекматов.

Белгилүү болгондой, буга чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтө турганы маалымдалган.