2021-жылдын 9-февраль күнү Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев «Фейсбуктагы» жеке баракчасына ɵзүнүн жакшы жаңылыгы менен бɵлүштү. Тагаарак айтканда 2012-жылы ɵзүнɵ жана ɵзү менен бирге камалып азап чеккен балдарга карата чыккан соттун чечимдерин Жогорку Сот жокко чыгарып, ишти кайра кароого райондук сотко жибергенин, эми жаңы жагдайлар менен карала турган соттук иштерде акыйкаттык жеңет деп күтүп атканын жазды. Ал ɵзүнүн баракчасына жазган кайрылуусунда:

«Урматтуу достор!

Мен сиздерге жакшы жаңылыкты айткым келет, 2012-жылдан бери мен акыйкаттык үчүн күрөшүп, бардык сыноолорду башыман өткөрүп, темир тор артында отурдум, көптөгөн кыйынчылыктарга жана кыйынчылыктарга туш болдум. Мен атамдан жана апамдан айрылдым. Быйыл дагы COVIDден агамды жоготтум, анын ден-соолугу ушул жылдарда начарлап кетти… Анан ал ар дайым мен адилеттүүлүккө мыйзамдуу жол менен жетем деп айтканмын. Күнөөсүз жигиттер үй-бүлөсүнөн алыс, темир тор артында жатып калбасын деп, Жогорку Соттун чечиминен кийин, мага жазылган зыяндын ордун толтурдум. Бирок, ошондо дагы мен өз күнөөмдү мойнума албаганымды баса белгилеп айттым. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин, мен күрөштү токтоткон жокмун, биз сотко кайрылып, күнөөсүз экенибизди далилдедик. Эми акыры, тарыхый күн келди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту бир нече айдын ичинде иштин бардык жагдайларын изилдеп чыгып, үч инстанциянын – Ленин, шаардык жана Жогорку сотторунун айыптуу өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарды жана аларды жаңы кароого жиберди. Атамбаевдин «лакайлары» тиккен иш тизеге кулап түштү! Жаңы кароодо, биз, Кудай буюрса, дагы бир жолу күнөөсүз экенибизди далилдейбиз.

Ушул жылдар аралыгында мени акыйкаттыкка жетем жана ар-намысымды калыбына келтирем деген үмүттү жылуу сөздөр менен колдоп келишкен бардык жазылуучуларыма терең ыраазычылыгымды билдирем. Мени аягына чейин күрөшүүгө шыктандырган сизсиз. Баарыңарга рахмат!», -деди.

Нариман мырза, кайрылуусунда ɵзү баса белгилегендей 2012-жылдан бери Түлеевдердин үй-бүлɵсү бардык тараптан кысымга дуушар болушту. Жапа чегип, бардык жактан абдан чоң сокку алышты. Жыйынтыгында Нариман Ташполотовичдин атасы күйүткɵ, акыйкатсыздыкка чыдай албай ɵтүп кетти. Андан кийин апасынан айрылды. Мына ушул күндү Ташполот аксакал кɵрсɵ кандай кубанат эле?! Ошол Нариман Түлеев жана жанындагы балдар акыйкатсыз соттолгон учурда, тагыраагы 2013-жылдын 9-август жума күнү чыккан «Де-Факто» гезитинин № 31 (138) санына Нариман Түлеевдин атасы Ташполот Түлеевдин кенен маеги жарык кɵргɵн эле. Ташполот аксакал соттун акыйкатсыз чечимине нааразычылыгын айтып, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен ага-инилик мамилеи бар экенин, баарын кɵрүп турса дагы билмексен болуп олтурганын баса белгилеген. Эң маанилүүсү ошондо Ташполот Түлеев «ор казсаңар тайыз казгыла, эртең ɵзүңɵр түшɵсүңɵр», -деп катуу эскертип ɵтүптүр. Бүгүн ошол кездеги аксакалдын айткандары айланып келди. Бүгүн тарых кайталанып олтурат. Биз тарыхка бир кылчайып, Ташполот аксакалдын ошол архивдеги маегин кайра кайталап жарыялап коюуну эп кɵрдүк…

Ташполот Түлеев, Нариман Түлеевдин атасы: “Акипресстен” “айына 25 миң доллар берип тургула, анан биз силер тарапты да чыгарып турабыз” деген жооп алдык”

29-июлда Ленин райондук соту Бишкектин экс-мэри, атажуртчу депутат Нариман Түлеевге ж.б. муниципиалдык чиновниктерге байланышкан кылмыш иши боюнча өкүм чыгарып, ага ылайык, Түлеев 11 жылга эркинен ажыратылганы маалым. Өзүнүн эле эмес, туугандарынын мүлктөрү да конфискацияланды. Бул вердикт боюнча коомчулукта кайчы пикирлер азырга чейин орун алып келет. Алардын дээрлик бардыгы вердикт өтө катуу болгонун, туугандарынын мүлктөрүнүн конфискацияланышы мыйзамга каршы келерин айтышууда. Укук коргоочу Чолпон Жакыпова соттук өкүмдү нонсенс, маразм деп бааласа, саясий серепчи Марс Сариев бийликтин башкаларды сестентүү үчүн чыгарылган чечим катары баасын берди. Өмүрбек Текебаев мыйзам боюнча жакындарынын мүлктөрү конфискацияланбай турганын билдирип, мыйзамдарды бурмалап аткан судьяларды сынга алса, Феликс Кулов “Түлеев күнөөсүз экенин кийинки инстанциялардан далилдөөгө мүмкүнчүлүгү бар” деп билдирди. Өкүм боюнча пикирин, Ленин райондук сотунун вердиктин жокко чыгаруу үчүн кандай кадамдарга барарын сурап, Нариман Түлеевдин атасы Ташполот Түлеевге суроолор менен кайрылдык.

–Ташполот мырза, уулуңузга ж.б. карата чыгарылган соттук өкүмдү кандай кабыл алдыңыз?

–Биз чынында судья Аман Сариевдин принципиалдуу, эч кимди укпаган, мыйзам негизинде гана иш алып барган судья экенин укканда сүйүнгөнбүз, Наримандын ж.б. акталышына ишенимибиз чоң болчу. Бирок ал таптакыр тескери өкүм чыгарып салды. Андай боло турган болсо, ишти 9 айга создуктуруп, бизди жактоочуларга чыгым кылбай бул чечимин эбак эле чыгарып салса болмок. Нариман күнөөсүз экенин анда эмнеге далилдеди? 9 ай ичинде күбөлөрдүн баары суралды, бир да күбө Түлеевге каршы көрсөтмө бералбады. Айыптоочулар болсо койгон айыптарын далилдей алган жок. Күнөөсүз экенин далилдеген расмий документтерди Кытайга чейин барып алып келдик. Тергөө, иликтөө иштеринин жүрүшүндө, соттук алгачкы отурумдарда эле Нариман Түлеевдин эч кандай күнөөсү жоктугу айтылган. Мисалы, УКМКнын тергөөчүлөрүнүн биринин кайын атасы, атбашылык активист Калыбек Арабаев деген киши экен. Ошол киши биздин Турсуналы деген жолдошубузга “Түлеевдин күнөөсү жок, жөн эле олтурат, күнөөсү жоктугу тергөө иштеринде эле белгилүү болгон” деп күйөө балам айтты дептир. Ошондо эле эл арасында Наримандын кылмыш иши прокуратура тарабынан далилденбей калгандыгы туурасында күбүр-шыбыр кеп жүрүп жаткан.

Мен өзүм эмгек сиңирген куруучумун. Көп объектилерди куруп Кыргызстандын казынасына салыкты олчойто төлөп, өз эмгегим менен ийгиликке жетишип, деги эле саясаттан алыс болчумун. Союздун, андан соң Акаевдин, Бакиевдин заманын көрдүм. Бирок бүгүнкүдөй “беспределдикти” көргөн эмесмин. Кыргызда сөз бар, “бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп каласың” деген. Орду да чени менен казышы керек да.

–Президент менен тааныштыгыңыз бар экенин укканбыз. Ал кишиге кайрылып көрдүңүзбү?

–Президент Атамбаев менен мурдатан ага-инилик жакшы мамилем бар. Ал киши мени жакшы тааныйт. Алмазды мен ар дайым колдоп, жардамымды берип жүрдүм. Ал жакшылыктарымды унутпаса керек. Мен үчүн Алмаздын бул ишке кайдыгер карап, акыйкат сөзүн айтпай атканы түшүнүксүз. Кайдыгер кароого, унчукпай коюуга эч себеп жок болчу. Менимче, ага Нариманды кылмыш иштерин козгоп, каматкысы келип аткандар жамандап, мокочо көрсөтүп койгон окшойт. Минтип Нариман ооруп, ден-соолугу начарлап кеткенде президентке кат жолдоп, эч кандай жооп болбогондон кийин ойлоп калдым. Наримандын ден-соолугу начарлап кетти. Ал камакка алынардан мурда Германияга барып операция жасатып келген экен. Бизге эч нерсе айткан эмес. Камалгандан кийин гана билип атпайбызбы. 1 жыл 1 айдан бери камалып олтурат. Бул убакытта кымбат баалуу дары-дармектерди колдонуп, өзүн болушунча колго алып, сабырдуулук менен келатат. Аны камабай эле тергөө, иликтерин жүргүзө беришсе болмок да. Ал эч жакка качмак эмес. Күнөөсү болсо эбак качып кетпейт беле. Күнөөсүз экенин билгендиктен качпай жүрөт. Арты таза эместер, Үсөнов, Сулайманов, Бакиев, Балкыбеков ж.б. бир топтор качып кетишпедиби. Муну менен мен президентти жамандап, ага сөз тийгизгим келбейт. Болгону баарын мыйзам чегинде чечүү боюнча өз сөзүн айтып койсо ашыкча болмок эмес. Болбосо, коррупцияга каршы күрөш деген шылтоо менен кээ бир “бөрк ал десе баш алгандар” кайсыл бир кызыкдар тараптардын камчысын чаап, өз билгендерин кылып атат. Судьяларга кысым, басым көрсөткөнгө чейин барышууда. Алардын активдүүлөрүнүн бири – Башкы прокуратуранын өзгөчө иштер боюнча бөлүм башчысы Жаныбек Салиев болууда. Чындап келгенде анын прокуратура системасында иштөөгө моралдык акысы жок. Убагында каракчылык кылып, кылмыш иши козголгон. Бирок Аида Салянованын курсташы экен, жазадан кутулуп, бүгүн “кутуруп” атат. Бирок ар бир кылынган мыйзамсыз, терс иштерге эртеби, кечпи жооп берчү мезгил келерин унутушпаса.

–Өзүнө эле эмес, туугандарына тиешелүү мүлктөр да конфискацияланды. Буга эмне дейсиз?

–Бул эми “беспределдиктин” чеги. Биз бизнестик обьектилерибизди айрымдардай прихватизациялап, өздүктөп алган эмеспиз. Маңдай-тер, мээнет менен жасалгандар. Базарларды, же өндүрүш обьектилерин менчиктеп алган жерибиз жок. Мен “Караван” соода борборун курарда ошол жердеги эски үйлөрдү сатып алып, аларды сүрдүрүп, тегиздеп анан кургам. Баары мыйзам чегинде ишке ашырылган. Акча жетпей баратканда 3-кабатына башка адамды тартып, ошентип биргеликте бүткөрүлгөн. Ал соода борбор 2006-жылдан бери 100 млн. сомдон ашык салык төлөгөн. Башка бизнес обьектилерин, имараттарды да бизнестен көрүлгөн кирешелерге курганбыз. Нариман кээ бирлердей бийликке келип, анан бизнесин түптөгөн жок. Мамлекеттик кызматтарга чейин эле калыптанган, бутуна турган чоң ишкер болчу. Бирок ошого карабай судья мага тиешелүү мүлктөрдү да конфискациялаган чечим чыгарды. Мыйзамга ылайык, ата бала үчүн, ал эми бала атасы үчүн жооп бербейт. Бул чечим Кылмыш кодексинин беренелерине да каршы келет экен. Бул саясий буйрутма экендиги, соттук өкүм кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына жараша чыгарылганын дагы бир жолу далилдеди. Мен өзүм мандай терим менен тургузган имараттардын баарын, көп жылдык эмгегимдин жыйынтыгын, үзүрүн жөн эле кармата салбайм. Мен Кудай кубат берсе аягына чейин күрөшөм. Менин артымда толгон токой неберелерим турат. Ошолордун келечеги үчүн күрөшөм.

–Мындан аркы аракетиңиздер кандай болот?

–Ленин райондук соттун судьясынын чечимин жокко чыгарып, актаган чечим чыгартууга жетишүүгө акырына чейин турабыз. Учурда Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз даярдап атабыз. Чынында биз буга чейин эле апелляция берип, Биринчи май райондук соту биздин пайдабызга чечкен. Шаардык сот ишти калыс карап, мыйзам чегинде чечим чыгарып берет деп турабыз. Соттон биз тарапта болууну суранбайбыз. Саясатты аралаштырбай ишти калыс карап, акыйкат чечим чыгарып беришин гана суранабыз. Биз кайсыл бир тараптар менен тирешкибиз келбейт. Кыргыздардын ич ара ит-мышык болуусу жакшылыкка алып барбайт. Бир жылдай убакыттан бери акыйкаттыктын салтанат куруусун күтүп келатабыз. Мыйзам чегинде чындыкка жетсек дейбиз. Эгерде иш дагы калыс каралбаса, анда эл аралык сотко чейин барам.

–Айрым маалымат каражаттары бул иштер боюнча бир тараптуу маалыматтарды берип атканын айттыңыз эле…

–Акипресс маалымат агенттиги башынан эле бир тараптуу маалымат берип келатат. Биз тараптын да пикирлерин бербейсиңерби деп кайрылсак, “айына 25 миң доллар берип тургула, анан биз силер тарапты да чыгарып турабыз” деген жооп алдык. УТРК болсо күндүзү да, түндөсү да айыптаган, бир жактуу сюжеттерди берип келатат. Анчалыкка баргыдай Түлеевден башка жаңылыктары жок болуп калдыбы? Же жалгыз эле Түлеев гана коррупционер бекен? Канча деген мамлекеттин, элдин байлыктарын менчиктештирип, рейдерлик кылып алгандар деле жүрбөйбү? Эмнеге алар жөнүндө беришпейт? КТР коомдук канал дейбиз, анда эмне үчүн менден, биз тараптан бир маалымат алып коюшпайт? Же мен коомдун мүчөсү эмесминби? Же Нариман Түлеевдин жактоочуларынын коомго эч кандай тиешеси жокпу?

Тынчтыкбек Бешкемпиров

«Де-Факто» гезитинин архиви.

9-авгсут, 2012-жыл.