КРнын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 2021-жылы 18-февралдан тарта иш сапары менен Россия Федерациясында жүрөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, иш сапардын жүрүшүндө 19-февралда Москвада министр А.Бейшеналивдин РФ саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугушуусу болду.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн министрлери саламаттыкты сактоо жаатында кызматташууну, андан тышкары коронавирус инфекциясына каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү, республиканын саламаттыкты сактоо тутумунун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, КРнын медицина кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын көтөрүү маселесин талкуулашты.

Ошондой эле, россия тарап COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнү колдоонун алкагында тез даярдалуучу модулдук медициналык клиникаларды курууга техникалык жардам көрсөтүүнүн мүмкүндүгүн караштырары маалымдалды.

КР саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.Бейшеналиев COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн россия тарапка ыраазычылык билдирди.