Америка Кошмо Штаттарынын түштүгүндө — Арканзас, Оклахома штатында  аномалдуу үшүк жүрүүдө. Бирок баарынан да ысыкка көнүп калышкан Техаста абал оор, температура минус 15ке чейин төмөндөдү.

Гипотермиядан болжол менен 40 адам көз жумган. Тургундар өз жашоосун коркунучтуу киного салыштырышат. Муз тоңгон жолдордогу кырсыктар. Бекеттерде бензин жок деп жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

Кырсыктан дээрлик үч миллион адам электр жана суусуз калды. Техастыктар аман калуунун жолдорун издешүүдө. Алар от менен жана автоунааларда жылынышууда. Алар суу алуу үчүн сааттап кезек күтүүдө.

Дүкөндөрдө кезек жок. Анткени, сатып ала турган эч нерсе жок. Текчелер бош. Жергиликтүү бийликтин өздөрүнүн айласы кеткендей.

Техас — Америка Кошмо Штаттарынын мунай жана газ өндүрүүчү аймагы. Бирок штатта суук температура энергетикалык каатчылыкка алып келди. Суук аба ырайына байланыштуу электр энергиясына болгон талап жогорулады. Тутум кыйрады. Жылуулук башка штаттардан берилиши мүмкүн. Бирок Америкада бир дагы электр менен камсыздоо тутуму жок. Техас штаты табигый кырсык менен жалгыз калды.

Кырсыкка чындыгында эмне алып келгенин атайын түзүлгөн комиссия аныктайт. Ал ортодо адамдар пропан баллондорун сатып алышууда. Ак үй Техаска генераторлорду жана суу жиберет. Анткени, суук аба ырайы артка чегинбей, тескерисинче, күчөгөн. Ушул ишемби күнү дагы үшүк жүрдү.