Чоң апам каза болгондо бир сырдын бети ачылды…

6621

Студент болуп жаңы эле окууга тапшырып, Бишкек деген шаарга келип, троллейбуска түшүп, светофор дегенди көрүп жаңыдан шаарга көнүп баратканда айылдан кабар келди. Чоң апам каза болду деген.

Чоң апамды чынында аябай жакшы көрчү элем.  Бала кезде айылчылап жетелешип кыдырып эле жүрчүбүз. Айылдын баары сыйлайт эле. Келиндер апамды көргөндө токтой калып жүгүнүп салам берише турган. Апам адатынча “бактылуу, талайлуу бол айлаанайын” дей турган. Өз апама караганда чоң апамды жакшы көрөөр элем.

Шаарга окууга жөнөгөндө батасын берип, кыйылып жатып араң жиберген. Атам үйдө жалгыз бала, атамдан улуу үч эжеси бар. Алар да келген сайын мага таттуу алып келе турган. Атамдын туягы дешип.

Айылга жеткенче чоң апам менен өткөргөн күндөрдү эстеп, көзүмдөн жаш куюлуп ыйлап келе жаттым. Үйгө жеткенде атам тосуп чыкты. Боз үйгө кирип эле чоң апам жаткан табытты кучактап ыйлап жаттым. Эжелерим колтуктан сүйөп тургузуп, “болду эми сабыр кыл, чоң апам жакшы жашады, жакшы аял эле” дешип айтып жатышты. “Ушул небересин жакшы көрчү, колунан кармап ээрчитип чоңойтту, апасынын баласы” деген үндөр угулуп жатты.

Чоң апамды жайлап келген соң, кошуна айыл апалар чоң апам тууралуу жакшы кептерди айтып жатышты. Кулагым “күндөштүн баласын ким эле багат дейсиң, ичи кенен аял эле” деп эле бир нерселерди сүйлөп жатышканын угуп калды. Келгендер тарап, кеч кирди. Апамдын жанына отуруп, баягы уккандарымды сурадым. Апам көзүнө жаш алып чоң апам тууралуу узун сабак кеп айтып берди.

Көрсө чоң апам үч кыз төрөп эле төрөбөй калат экен. Чоң атам  токол алып андан атам төрөлөт. Кызыгы эки аял тең бир үйдө жашачу экен. Чоң апам бир да жолу күндөшүнө кызганып уруш чыгарбаптыр.  Атам үчкө чыкканда чоң атам кайтыш болот.  Арадан эки-үч жыл өткөндө, чоң апам күндөшүн, “сен жашсың турмушка чык” деп, өзү колу менен узатып, атамды алып калып багып чоңойтуп, үйлөнтөт экен.  Бир ирет балдар атама, “сен токолдон туулгансың” дешип таарынтышат, ошондо чоң апам “өзүмдүн эле баламсың, оозуна алы жетпеген айта берет, кана сенин апаң башка болсо келип алып кетмек” деген экен. Атам качан гана үйлөнгөндө апасы башка экенин билиптир. Кызыгы азырга чейин өз апасын тааныбайт экен. Бир да жолу келип көрбөптүр. Балким, балага терс таасирин тийгизбесин дегендир, балким күндөштөр арасында бир кезде ушундай келишим болгондур, баланы өзүм багам, сен келбей эле кой деген. Эмнеси болсо да чоң апамдын айкөлдүгүнө баа бердим.  Мен төрөлгөндө жалгыз туягымдын баласы деп жакшы көрүп, жанынан чыгарбай баккан экен. Айылдын баары, апамды аңыз кеп кылып, сыйлаганы ушундан тура.

Чынында чоң апамдан айрылуу мага оор тийди. Кантсе да колунда эркелеп өстүм, кечинде жатаарда жомок айтып берээр эле. Аны элестетип мен таттуу уйкуга кетээр элем.  Эми болсо чоң апам түбөлүк уйкуга кетти…