Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн 3-взводунун № 352 кармоо тобунун кызматкерлери кармоо тобунун взвод командири милициянын лейтенанты Айбек Омурбеков, милиционер автоматчик милициянын прапорщиги Амантур Доронбеков жана милиционер айдоочу милициянын старшинасы Тагай Адырбеков 2021-жылдын 19-февралында болжол менен саат 22:50 чамасында, 102 “Байкал” радиостанция байланышынан Бишкек шаарынын Малдыбаева көчөсүндөгү батирлердин биринен бычактан жаракат алды деп чакыруу алышкан.
Октябрь райондук Күзөт кызматынын взвод командири милициянын лейтенанты Айбек Омурбековдун айтымында “Биз 2021-жылдын 19-февраль күнү адаттагыдай эле кезметтеги күзөткө чыктык, бычактан жаракат алды деп чакыруу түшөөр замат, айтылган даректи көздөй кеттик. Биз барган учурда орус улутундагы жаран жана анын жанында оор жаракат алган жаран кансырап жатканын көрдүк. Ошол замат жанымдагы кесиптешим шектүүнү кармады, биз болсо автоунаадагы дары-дармектерди салуучу баштыкчаны алып, тез жардам кызматы келгенче биринчи медициналык жардам көрсөтүп, жаракат алган жараатынын канын токтотуп, 103 кызматына уюлдук телефон аркылуу кайра байланышка чыгып чакырдык. Андан соң 10 минут аралыгында тез жардам автоунаасы келип калды. Ошол замат оор жаракат алган Т.Э.ни тез жардам кызматкерлерине автоунаасына салышып жардам бердик.
Маалыматтарды тактоодо, 1993-жылы туулган жаран Т.Э. Бишкек шаарынын тургуну болот, бөйрөк тарабына ашкана бычагы менен жаракат алган. Кылмышка шектүү 1987-жылы туулган Б.А. кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы