БШКнын токтомуна ылайык, Кемелов Акыл Канатбекович Жогорку Кеңештин депутаты болду. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Белгилүү болгондой, Кемелов «Республика-Ата Журт» партиясынын тизмеси боюнча депутат болду. Эске салсак, буга чейин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Максат Сабиров мандатынан баш тарткан.