Лимон – организмдеги токсиндерди жок кылып, ашыкча майларды эритүү, кан басымын жөнгө салуу касиетине ээ. Курамындагы витамин жана минералдар энергия тартуулап, теринин сулуулугун арттырып, тырмактарды күчтөндүрөт. С витамини менен камсыздайт, ошондой эле түрдүү диеталарда сунушталып келе жатат.
Лимон кошулган суунун жардамы менен арыктоо:
* Эртең мененки тамактан мурда (ач карынга) ичилген 1 стакан лимон кошулган суу ток кармап, табитти жабат.
* Заараны тез чыгарып, денедеги шишиктерди жоготот жана арыктоого түрткү берет.
* Изилдөөчүлөр лимон кошулган суунун жылымык же ысык болуусун сунуштайт. Муздак суунун табитти ачуу өзгөчөлүгү болсо, ысык суу ток кармайт.
Ар таңда 1 стакан жылуу сууга жарты лимондун ширесин сыгып ичсеңиз жана туура тамактанууга басым жасасаңыз, кыска убакытта оң таасир ала алышыңызга ишенем.
Интернет булактарынан алынды.