Суу май менен кумшекердин баасын ооздуктоо үчүн мамлекеттик жөнгө салуу чарасын колдонуу сунушталууда. Бул тууралуу маалымат Экономика министрлигинин сайтына жарыяланды.

Министрлик дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаалды эске алуу менен ушундай сунуш берип жатканы айтылат. Анда суу май менен кумшекердин эң жогорку баасын бекитүү чарасын өзгөчө кырдаал режими бүткөнгө чейин киргизүү каралган.

Мындай кадам ЕЭАБ жөнүндөгү келишимдин (№19 Жобо) Конкуренциялык эрежелер жана жалпы жоболор жөнүндөгү протоколунун 81-пунктуна таянуу менен жасалып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кумшекерге болгон баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 46 пайызга, ал эми суу майы 54,6 пайызга кымбаттады.

Булак: Спутник.кж