Коом

Ош облусунун башчысы жарандарды кабыл алып, арыздары боюнча жооп берди

Ош облусунун башчысы жарандарды кабыл алып, арыздары боюнча жооп берди. Бир катар жеке тараптар, жер адилетсиздиги боюнча келгендер болушту. Өкүл тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды  берип,   мөөнөтүн белгиледи. Бул тууарлуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан билдирди.

ӨКМ дин бөлүм башчы  подполковник Жумабаев Жунус Өзгөн районунда эт багытында  заманбап үй канаттуулары фермасын ачуу боюнча сунушу келди.

Анда жыл сайын  жээкти жеп ташка айландырган  Яссы дарыясынын боюна шпоралык сарай салуу менен жер тартыштыгы, суу кооптуулугу, жана жумуш ордун түзүү деген бир катар көйгөйдү чечүү боюнча долбоор менен келген.

Өкмөт өкүлү  Жарасул Абдураимов :» Мамлекеттик ишти  так аткарып, кесипкөйлугуно таянып,  ишкерликке жаңыча көз караш менен караган сиздей мамлекеттик кызматкерлер башкага үлгү»-,  деп белгиледи. Тийиштүү долбоорго насыя алуу боюнча инвестор же банк тарабынан колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

Мындан сырткары, медиаторлордун ишмердүүлүгүн күчөтүү, Ош билим берүү институтунун  имаратын куруу сыяктуу маанилүү сунуштар каралды.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button