Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын берген маалыматына ылайык, бүгүн 3-мартка, райондо күйүүчү майдын жалпы запасы 808 миң 410л түздү. Анын 589 миң 060 л солярка, 41 миң 750л Аи-80, 170 миң 600л Аи- 92, 7 мин л Аи-95 маркасындагы бензин.

Акыркы эки күн ичинде Исфана шаарындагы күйүүчү май тартыштыгы орун алган май куйуучу жайларга, күйүүчү май жеткирилип, тартыштык жөнгө салынды.

Учурда Исфана шаарындагы май куйуучу жайларда  кезек күткөн унаалар жок, бензин 45,50 тыйындан сатылууда.

Белгилей кетсек бул күндөрү соляркага муктаждык болгон жок, дээрлик бардык май куйуучу жайларда солярка жетиштүү болду, жазгы талаа жумуштарына кедергеси тийген жок.

Тартыштык негизинен Аи-92 маркадагы бензинге болгон.

Белгилей кетсек, күйүүчү майдын тартыштыгына Бишкек шаарынан базадан аз өлчөмдө чыгуусу себеп болсо, баасынын жогорулоосуна Россия мамлекетинде, жалпы эле дүйнөлүк рынокто жогорулагандыгы себеп болууда.

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы