Аксы районунун Кара-Суу айылында үч адам белгисиз затка ууланып каза болду. Маалыматты бүгүн, 4-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Анын айтымында, төртүнчү адам оор абалда райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жатат.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Шеркул Турганбаевдин маалыматында, алардын эмнеден ууланганы такталууда. Райондук милиция фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. Жеринде тергөө-ыкчам тобу иштеп жатат.
«Алардын эмнеден ууланганын айта албайбыз. Уулануунун себептерин экспертиза аныктайт. Алдын ала маалымат боюнча алар отурушта болуп, спирттик ичимдик ичишкен экен», -дейт Турганбаев.