Мирбек Мияров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.