Эркин Тентишев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Эске салсак, буга чейинки өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров башка кызматка которулганы айтылган. Бирок кайсы кызматка которулуп жатканы азырынча белгисиз.