Экс-министр Тилек Токтогазиевдин айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн көпчүлүк азык-түлүк экологиялык жактан таза эмес. Анткени айыл жеринде көпчүлүк учурда сапатсыз дарыларды колдонушат. Бул тууралуу Токтогазиев «Марал»  радиосуна берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, жер-жемиштерге азык катары берилүүчү дарылардын төрт категориясы бар. Алардын эң зыяндуулары Кыргызстанда кеңири колдонулуп жүрөт. Ошондой эле айыл чарба багытында Кыргызстанга Европада тыюу салынган дарылар да кирерин кошумчалады.

«Бизде сапатсыз дарыларды, жер-семирткичтерди көп колдонгондуктан ашказан оорулары, рак, аллергия көбөйүп кетти. Мисалы зыяндуу дарылар жер-жемиштерде бир айга чейин сакталат. Бизде болсо бүгүн дары берип, эртеси базарга алып чыгышат. Сапатсыз дарыларды колдонгондо курт-кумурскаларга да зыяны тиет. Мисалы, бал өндүрүүчүлөрдүн эң чоң көйгөйү аарылары тез өлүп калат. Анткени аарылар зыяндуу жер-семирткич берилген дарактардын гүлдөрүнөн азык топтоп жатпайбы», — деп белгилеп өттү Токтогазиев.

Булак: «Марал»  радиосу