КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын «Коопсуздук-2021» жана «Калыптоо-2021» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусуна даярдыктар башталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдирди.

Машыгуунун даярдыгына Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, облус райондорунун мамлекеттик администрациялары, Баткен шаарынын мэриясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык кошуундары, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Саламаттык сактоо министрлиги катышат.

«Аталган маневрлардын темасы — республиканын аймактарында өзгөчө абал жана аскердик абал киргизилген шарттарда аскердик органдардын, мамлекеттик башкармалыктардын жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын иштери жана аскердик түзүмдөрдүн практикалык мобилизациялоосу, курчуган кырдаалдагы шарттарда күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автоунаа, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык системалар, 10го жакын авиациялык техника тартылат.

«Коопсуздук-2021» жана «Калыптоо-2021» машыгуулары 2021-жылдын 30-мартынан 1-апрелине чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өтөт.