Боом капчыгайында кырсыктан эки адам каза болду. Бул тууралуу  Чүй облустук жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 19.50 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында болгон. Анда Mazda унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калган. Кырсыктын кесепетинен эки адам ооруканага жетпей, көз жумганы кабарланууда.