2021-жылдын 15-мартынан 18-мартына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Худжанд шаарында чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк комиссияларынын кезектеги отуруму болот. Бул тууралуу УКМК нын басма сөз кызматынан билдирди.

Кыргыз делегациясын өкмөттөр аралык комиссиянын төрагалыгын Кыргыз Республикасынын УКМК комитетинин башчысы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев жетектейт, ал эми Тажик тараптан ушундай эле комиссияны Тажикстан Республикасынын УКМК төрагасы генерал-полковник Саймумин Ятимов жетектейт.

Бул дагы алардын атайын кызматтарынын башчылары катарындагы биринчи жолугушуусу, ошондуктан, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулоодон тышкары, эки тараптуу кызматташуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын УКМК жана Тажикстан Республикасынын УКМК биргелешкен иш-аракетинин башка актуалдуу маселелерин талкуулап,  анын ичинде ар кандай тышкы чакырыктарга жана эки мамлекеттин коопсуздугуна келтирилген сырткы коркунучтарга биргелешип каршы туруу пландаштырылууда.