Көптөн бери  төшөктөрдү жаңылап, эскилерин ыргытсам деген ой менен жүргөн элем. Убак сааты  келип, кичине тыйын болгондо жаңы пахта алып, мата алып төшөктөрдү жаңылап баштадым.

Ачыгын айтсам апам жасап берген төшөктөрдүн бир экөөсүн колдонуп, балдар жатып бир топ кирдеп, эскирип калган. Бир чети ичим ачышып жатып араң буздум.

Ошого келгенде бир топ ойлондум. Анткени мен студент кезде, апам менен атам соода кылат эле. Ал кезде кичинекей бир орустун үйүндө жашачу элек. Үйдүн кожоюну аялы экөө арак ичип, бир нече ирет биз жок кезде үйдү тоноп да кетишкен. Суукта иштеп тапкан акчаларды жоготкондо бир топ ичибиз ооруп калат эле. Анан апам бир айла ойлоп таап, акчаларды төшөктүн ичине, жаздыкка салып, пахтанын арасына кошуп тигип кое турган. Азыр ойлойм да ошол кезде эмнеге акчаны банкта сактабадык деп.  Айтор ошонун баарын ойлоп, дал ошол төшөк меникине эмне болуп келип калганын эстедим. Бир ирет балдар менен  төркүнгө барганбыз. Кайтаар кезде, эжелеримдин балдары болуп киши көп  болгондуктан, балдарды машинаны артына отургузуп, дал ошол эски төшөктү апам балдардын астына салып берген, жылуу жумшак шаарга жетип алгыла деп. Түн кирип калгандыктан, балдар шаарга  жеткенче ошол төшөктүн үстүндө уктап келишти.

Көпкө карап туруп, кой эмнеси болсо да жаңылап коеюн деп анан, ушунун ичин бир көрөйүн, эгер пахтасы таза болсо тыттырып сыртын жаңылайм деп төшөктү бузуп баштадым.

Мага кошулуп кызымда жардам берип жаткан, бир кезде “Апаа”  деп көздөрү жайнай  түштү. Кокуй эмне болуп кетти деп, атып туруп жанына бардым. Оюмда кайчы бир жерине сайылып кетти го деп жүрөгүм түшкөн. Мына сага көргөн көзүмө ишенбей турдум. Апам байкуш бир мезгилде акчаларды адатынча катып койгон экен.  Арасында ошол жылдары чыккан кызгылт элүү  сомдуктан баштап, миң сомдуктар, он сомдуктар баары жүрөт. Кызым туптуура 50 миң сом санады. Мени карап “карачы апа ушунча жыл, ушул акчалар биздин сарайда турдубу? Баягыда акча жок калганда эсиңиздеби мен 1-класска барганда бир топ кыйналбадык беле, ошондо неге ачпадык” деп күлөт. Анан телефонду алды да таэнесине чалып баштады.

Апам байкуш “качан салганым эсте жок, небереме  бир нерсе алып берип кой» дейт. Болбой эле жеткирип бердик акчаны, анткени анын артында ошол жылдары кыйналган күндөр, маңдай тер, көчөгө соода кылбагыла деп столдорду тепкен акимяттын кызматкерлери менен урушкан, жулушкан күндөр бар эле.  Апама барып, ден-соолукту суукка алдырып, жаштыктын эң жакшы күндөрү, жашоого болгон күрөш, ошонун баарын эстеп, көзгө жаш алып кайра келдик…

Автору  Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.