Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кечээ, 16-марттагы жыйналышында 11-апрелге дайындалган Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүү) бюллетенинин формасын жана текстин бекитти.

БШКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, добуш берүү үчүн бюллетендерди «Учкун» ААК даярдайт.