Instagram жана WhatsApp тиркемелери техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам, кечээ, 19-март күнү иштебей калган.  Бул тууралуу «Известияга» Россиядагы Инстаграмдын басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүнкү күндө жарандар техникалык бузулуунун кесепетинен Facebook  жана анын карамагындагы тиркемелерди колдонууда кыйынчылыктарга туш болушту. Биз аны жойдук жана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз », — деди компаниянын өкүлү.

WhatsApp да көйгөйлөр жөнгө салынганын билдирди.

«Сиздердин сабырыңыздар үчүн рахмат, бул 45 мүнөткө созулду. Бирок биз кайтып келдик!» — деп жазды Twitter мессенджери

Маалым болгондой, колдонуучулардын көпчүлүгү (76 пайызы) Instagram мүчүлүштүгүнө, 15 пайызы социалдык тармакка кире албай калганына, ал эми жети пайызы социалдык сервистеги кыйынчылыктарга кабылганын айтып даттанышкан.

WhatsApp колдонуучуларынын 71 пайызы кире албай кыйналышса, 26 пайызы билдирүү жөнөтө албай койгонун айтты. Бир пайызы гана каттоо эсебин карай алган эмес.