Өлкөдө калкты коронавируска каршы эмдөө ушул аптада башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, эмдөө кайсы күнү башталары так эмес. Эмдөөнүн алгачкы этабында медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, укук коргоочулар, бажы кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана ден соолугу кооптуу топко киргендер эмделет. Вакцинация Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө, андан кийин Ош облусунда жүргүзүлөт.

Белгилүү болгондой, өткөн аптада өлкөгө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза «SinoPfarm» вакцинасы келген.