Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары менен аппараттык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Кыргызгидромет агенттигинин, Капиталдык курулуш департаментинин жана Суу ташкындардын алдын алуу агенттигинин алып барып жаткан иштерин тездетүүнү буюрду.

Мындан ары Б.Ажикеев ӨКМ кызматкерлеринин сыртка чыгып жаткан иш-сапарларын өз көзөмөлүнө алаарын билдирди.

«Техника өнүккөн заманда өтө маанилүү маселе болбосо иш сапарларга чыгуунун кажети жок, мамлекеттин акчасын бекер коротууну токтоткула!» –деди министр.

Ошондой эле Б.Ажикеев, ӨКМдин ар бир кызматкери аттестациядан өтүүсү зарыл, бирок анын максаты кызматкерлерди иш ордунан кетирүү эмес — алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу экендигин белгилеп, андан коркуунун кереги жок, деп дагы бир жолу эскертти.