Эртең, 25-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүзү абанын температурасы +25 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан  билдирди.

Күндүз Чүй облусунун тоолуу өрөөндөрүндө кар жаайт. Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун кээ бир өрөөндөрүндө жаан, тоолуу аймактарга кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +19…+24;

Жалал-Абад, Ош, Баткен дубандарында ​түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;

Нарын жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз +7…+12;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +23…+25 градус.