Бүгүн, 29-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 752 миллион куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 190 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 190 куб метрге жетүүдө.

Ал эми өткөн дүйшөмбү, 22-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 826 миллион куб метрди түзгөн.