Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, сел жүрүү коркунучу бар экендигин маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-мартынан 31-мартына чейинки туруксуз аба ырайына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.