Аалымдар Кеңешинин 30-марттагы чукул жыйынында Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII Курултайы 29-майга жылдырылып, толук эки айдан кийин өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Аалымдар Кеңешинен маалымдашты.

«Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кызмат ордуна, Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин тыю салынган диний умдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин ЖОЖду бүткөндүгүн тастыктаган дипломдорунун аныктыгын жана документтерди кылдат текшерүү көп убакытты талап кылары, чагымчыл адамдардын мусулмандар үчүн маанилүү болгон Курултайды бузабыз деген сөздөрү Курултайды жылдырууга негиз болду.

Ошону менен катар айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолто болду. Бул иштерге тиешеси бар, мыйзамсыз аракеттерди жасаган жарандарга укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлмөкчү.

Мына ушул окуялардан улам чукул жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды жана Аалымдар Кеңешинин айрым мүчөлөрү башка дубандарда жашагандыктан, бүгүнкү жыйын онлайн өткөрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.