Республикалык бюджетти колдоо үчүн ачылган депозиттик эсепке 1 миллиард 665 миллион 353,7 миң сом түштү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалыматында жазылат.

Маалыматта, бул каражат өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн жумшала турганы айтылат.

Чогулган сумманын 1 миллиард 535 миллион 340,3 миң сому укук коргоо органдары тарабынан алынган.

Ал эми юридикалык жактардын ыктыярдуу түрдө берген каражаты 66,2 миллион сомду түзгөн.

Ошону менен бирге жеке тараптар да өз ыктыяры менен 63,8 миллион сом которгону айтылат.

Бүгүнкү күндө жыйналган акчанын 722,8 миллион сому республикалык бюджетке которулуп, калган 942,5 миллион сому атайын эсепте сакталып турат.