Тергөө абагында жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев 14-апрелге чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 31-мартта кабыл алды.

Жумалиевге карата тандалган баш коргоо чарасынын мөөнөтү узартылды.

Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Жумалиевге таандык Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө коррупциялык схема аныкталган.

Жумалиев билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун лоббирлөө үчүн кысым көрсөтүү жана алардын саясий таасирин пайдалануу менен лицензияны мыйзамсыз алган.

Ошол эле учурда, лицензиялык комиссия белгиленген мыйзамдык талаптарга жооп бербегендиктен, алгач Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдөн баш тарткан. Бирок министрликтин жетекчилигине Жумалиевдин таасири алдында комиссиянын аталган корутундусу оң жагына өзгөртүлгөн.

Мындан тышкары Жумалиевге байланыштуу адамдар тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу, мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды.

Учурда 78ге жакын кыймылсыз мүлк объектиси жана ар кандай компаниялар, алардын катарында Жумалиевге мурда менчиктештирүү жолу менен өткөн, анын туугандарына жана жакын адамдарына таандык «Таатан», «ГОИН» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, темир жана болот завод, телерадиокомпания аныкталды.

4-февралда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жумалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен иш ачылган.