Баткен облусунда КРнын Коргоо министрлигинин “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өтүп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Машыгууга 2 миңге жакын адамдар, 100гө жакын автомобилдер, брондолгон жана атайын техникалар, артиллериялык системалар, авиациялык техникалар тартылууда.

Машыгуунун алкагында аймакка өзгөчө абал жана аскердик абал киргизилип, дал мына ушул шартта аскердик жана мамлекеттик органдар күжүрмөн аракеттерин көрсөтүшүүдө.

Машыгуунун негизги катышуучулары аскер кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер,УКМК, ӨКМ, милиция жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери.